«Вакцина сатып алсын». Бразилияда президенттин коронавирус менен чабал күрөшүнө каршы чоң митинг өттү

Кечээ, 29-майда Бразилиянын бир катар аймактарында өлкөнүн президенти Жаир Болсонаруга жана анын коронавирус менен күрөшүү саясатына каршы митингдер болуп өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Каршылык акциялары өлкөнүн бардык 26 штатында, федералдык округунда, 200 шаарында өтүп, бул коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери эң чоң өкмөткө каршы акцияга айланды. Митингге чыккандар бийликтен коронавируска каршы вакцина сатып алууну, элге тез жардам көрсөтүүнү, пандемия учурунда социалдык колдоо көрсөтүүнү жана башканы талап кылышты. Айрым митингчилер «президентке импичмент жарыялоо керек» деген чакырыктарды таштап жатышты.

Жаир Болсонару пандемия башталган учурда коронавирустун кооптуу экенине ишенбей турганын байма-бай айткан. «Керек болсо, мага бычак менен кол салуудан кийин да аман калгам, кайдагы бир сасык тумоодон өлүп калбайм», — деген ал. Бразилиянын президенти көпкө чейин ооруга байланыштуу чектөө киргизүүдөн баш тартканы да маалым. Илдет күчөгөнүнө карабай ал тарапташтары менен жолугушууларга катышууну жана аларга бет кабы жок барууну токтоткон эмес.

Бүгүнкү күндө Бразилия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөдө 16,4 миллион адамдан оору аныкталган, 461 миңден ашуун киши илдеттен каза болгон.