«Вакцинага туруктуу болушу мүмкүн». Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү аныкталды

Түштүк Африка окумуштуулары коронавирустун жайылуу жана мутация жөндөмдүүлүгү жогорулаган жаңы вариантын тапканын айтышты. Бул тууралуу The Insider жазып чыкты. 

«C.1.2» деп аталган түр биринчи жолу Йоханнесбург жана борбору Претория жайгашкан Түштүк Африканын Мпумаланга жана Гаутенг провинцияларында катталган. 13-августка чейин илимпоздор аны Түштүк Африканын тогуз провинциясынын алтоосунда, ошондой эле Конго Демократиялык Республикасында, Португалияда, Жаңы Зеландияда жана Швейцарияда аныкташкан.

Жаңы штамм вакциналарга туруктуу болушу мүмкүн. Илимпоздордун айтымында, вирустагы мутациялар антителолордон качуу жөндөмүнүн жогорулашы менен байланыштуу. Түштүк Африка коронавирусту жуктургандардын саны боюнча Африкада биринчи орунда турат — 2 638 981. Оорудан 78 377 адам каза болгон. Өлкөдө COVID-19га каршы 11,9 миллион адам эмдөө алды.