Вашингтондо Жо Байден президенттик кызматка киришкенге дейре өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Вашингтондо инаугурацияга дейре 2 аптага өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 20-январда АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин кызматка киришүү салтанаты өтөрү белгиленген. Бирок кечээ, 6-январда шайлоодо утулуп калган Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтон шаарында башаламандык жаратышып, ал Капитолийди басып алуу менен аяктады. Акциянын жүрүшүндө 1 адам октон каза таап, андан тышкары бир канча адам жаракат алышты. Ондон ашуун киши кармалган.

Учурдагы АКШ президентинин тарапташтары Конгресстин имаратына бастырып кирүү менен шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн жана сенаторлордун жыйынын үзгүлтүккө учуратышты. Жогорудагы акциянын жүрүшүндө Вашингтондо Трампты колдоо максатында миңдеген адамдар катышкан митинг өттү. Анда сөз сүйлөгөн Дональд Трамп: “Биз эч качан жеңилбейбиз, биз эч качан утулуп калганыбызды тааныбайбыз”, — деди. Ошондой эле ал шайлоо уурдалып кеткенин, анын жыйынтыгы алдамчылык деп билдирүүдө.

Ал эми жаңы шайланган президент Жо Байден Трамптын тарапташтарынын аракеттерин козголоң деп баалады. “Биздин демократия болуп көрбөгөндөй кол салууга тушукту. Биз мындайды акыркы убакта көрө элек болчубуз. Бул пикир келишпестик эмес. Бул башаламандык. Буга чекит коюу керек”, — деген Байден.