Вашингтондо жүргүнчү учагы Рейган аэропортуна жакын жерге конуп жатып сууга кулап, 60 адам каза болду.
Кыйраган учакта 64 адам, анын ичинде 60 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү болгон. «Кеминде 4 адам аман калып, ооруканага жаткырылган» деп билдирет CNN телеканалы American Airlines компаниясына шилтеме берип.
ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсыкка чейин учак тик учак менен кагышып, андан соң Потомак дарыясына кулаган.