Венецияда «учуучу» такси кызматы ишке кирет

Швециялык суу үстүнөн учуучу электр кайыктарын чыгаруучу Candela Speedboat AB компаниясы дабыш чыгарбай учкан жаңы кеме чыгарышты.

Узундугу 8 жарым метрлик кеме 6 кишиге ылайыкталган. Аны Венецияда суу үстүндөгү такси катары колдонуу пландалууда. Кеменин алдында компьютерлешкен канаттары бар. Канаттарынын жардамы менен корпус көтөрүлүп, уча алат. Компания транспортту Венециядагы үйлөрдүн фундаменттерине зыянын тийгизген толкундардын алдын алат деп ишендирүүдө.