Венециянын башкы каналындагы суу жашыл түскө боёлду (видео)

Венециянын башкы суу жолу болгон Чоң Каналдын суусу жашыл болуп калганын Corriere del Veneto жергиликтүү басылмасы билдирди.

Риалто көпүрөсүндөгү сууга түшкөн флуоресценттик боёктун келип чыгышы белгисиз бойдон калууда. Полиция каналдагы суунун жашыл болуп калышы экологиялык активисттер тарабынан уюштурулган нааразылык акциясы болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Жергиликтүү бийлик каналдагы жашыл тактын келип чыгышын иликтөө иштерин баштады. Басылма белгилегендей, бир дагы климаттык кыймылдын бул окуяга тиешеси жок.