Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин тополоң чыкты (видео)

Венесуэлада нааразылык акциялары өлкөнүн шайлоо комиссиясы Николас Мадурону президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий жарыялагандан кийин башталды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

28-июлда Венесуэлада президенттик шайлоо өтүп, элдин нааразычылыгын жаратты. 2013-жылдан бери бийликте турган учурдагы президент Николас Мадуро кайрадан жеңишке жетти. Оппозициянын негизги талапкери Демократиялык биримдик платформасынын өкүлү Эдмундо Гонсалес Уррутия болду.

Өлкө боюнча миңдеген тургундар шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирип көчөгө чыгышты. Полиция аларга күч колдонууда.