Венесуэлада селден 25 адам каза болуп, 52 адам дайынсыз болуп жатат (сүрөт)

Венесуэланын Арагуа штатында сел жана жер көчкүдөн кеминде 25 адам каза болуп, 52 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер, юстиция жана тынчтык министри Ремижо Себальос билдирди.

73 миңдей калкы бар Лас-Техериас шаарына жакын жерде бир нече тоо дарыялары жээгинен ашып кеткен. Бир айлык жаан сегиз сааттын ичинде жааганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Президент Николас Мадуро жабыркаган аймакты апаат аймагы деп жарыялады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Арагуа штатында аскерлердин катышуусу менен издөө-куткаруу операциясы башталды. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, дарыялар бир нече үйлөрдү жана дүкөндөрдү жууп кеткен. Нөшөр башка штаттарда да жер көчкүгө алып келген.