Венесуэлада селден каза болгондордун саны 36 адамга жетти

Венесуэланын түндүгүндөгү Лас-Тежериас шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан кеминде 36 адам каза болуп, 56 адам дайынсыз жоголгондугун испаниялык RTVE телеканалы билдирди.

Буга чейин 25ке жакын адам набыт болгону кабарланган.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Твиттердеги баракчасында өкмөт куткаруучуларды, жарандык коопсуздукту, тейлөө жана тазалоочу топторду жана ар кайсы мекеменин кызматкерлерин элге ар тараптан кам көрүү үчүн жайгаштырганын айтты. Үй-жайынан ажыраган жарандар үчүн бийлик убактылуу жайгаштыруу борборлорун ачууну убада кылууда. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.