Вьетнамда «Каджики» тайфунунан кеминде үч адам каза болуп, дагы он адам жабыркады. Табигый кырсык болжол менен жети миңге жакын үйдү зыянга учуратты, 29 миң гектарга жакын күрүч талааларын суу каптап, 18 миңдей дарактар кулады. Бул тууралуу Vietnam+ маалымат агенттиги жазды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, 331 электр мамысы кыйрап, бир нече провинция жарыксыз калган. Алардын катарында Тханьхоа, Нгеан, Хатинь, Тхайнгуен жана Футхо бар. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, Ханой шаары катуу жааган жаандан кийин суу алдында калган.










