Вьетнамдын соту коррупция боюнча өлүм жазасына кесилген 68 жаштагы ишкер айым жана өлкөнүн эң бай аялдарынын бири Чыонг Ми Ланга чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу VietnamNews басылмасы жазды.
Буга чейин сотко берилген расмий кайрылуусунда Чыонг Ми Лан ага өтө катаал жана ырайымсыз жаза берилгенин айтып, аны жеңилдетүүнү суранган.
Вьетнам мыйзамдарына ылайык, соттун өкүмүнө карабастан, Лан уурдалган активдердин төрттөн үч бөлүгүн (сумманын 75 пайызы) кайтарып берүү жана кесепеттерин жоюу боюнча бийлик менен кызматташып, өлүм жазасынан кутула алат. Ишкер айымдын адвокаттарынын айтымында, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн ал мүлкүнүн бир бөлүгүн сатуусу керек жана бул убакытты талап кылат.