«Victoria’s Secret» Орусиядагы дүкөндөрүн жапты

Белгилүү америкалык ич кийимдерди чыгарган «Victoria’s Secret» бренди Орусия рыногунда ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Америкалык ич кийим, уктоочу кийим, парфюмерия чыгарган аталган компания Орусиядагы дүкөндөрүнүн жабылуусун өлкөдөгү экономикалык абалга байланыштырган. Жадакалса орусиялыктар аталган бренддин кийимдерин онлайн да сатып ала алышпайт.