Владимир Путин алдыдагы президенттик шайлоого катыша турганын ачыктады

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу 8-декабрда Кремлде сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү болду.

Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылдын 17-мартында өтөт. Тийиштүү чечимди 7-декабрда Федерация кеңеши кабыл алган.

Владимир Путин Орусиянын президенттигине төрт жолу — 2000, 2004, 2012 жана 2018-жылдары шайланган. Конституцияга өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин ал 2024-жылдагы шайлоого талапкерлигин көрсөтүү укугуна ээ болгон.