Путин каза болгону айтылып жаткан Пригожин боюнча комментарий берди

Орусиянын президенти Владимир Путин каза болгону айтылып жаткан «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожин боюнча үн катты. 

Путин учакта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Ал белгилегендей, алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун тизмесинде ЧВК «Вагнердин» кызматкерлери бар. «Украинадагы нацизмге каршы күрөшкө чоң салым кошкон бул адамдар эч качан унутулбай турганын белгилегим келет», — деди ал. 

«Мен Пригожинди көптөн бери, 1990-жылдардын башынан бери билем. Ал татаал тагдырга ээ болгон жана ал жашоосунда олуттуу каталарды кетирген. Ал өзүнө керектүү натыйжаларга жетишти. Биздин өлкөдө эле эмес, чет өлкөлөрдө, атап айтканда Африкада иштеген таланттуу адам, таланттуу бизнесмен болгон», — деди Путин.

Анын айтымында, кырсык болгон күнү Пригожин Африкадан кайтып келип, Орусияда расмий адамдар менен жолугушкан.

23-августта Орусиянын Тверь облусунда ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Embraer ERG 135 үлгүсүндөгү бизнес-жет учагы кырсыкка учураган. Орусиялык бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бортто 10 адам болгон жана баары каза болгон. Бортто каза болгон 10 адамдын сөөгү табылганы маалымдалды. Бирок алардын баары күйүп кеткен жана сөөктүн кимге таандык экендигин аныктоо үчүн ДНК-экспертиза жүргүзүү талап кылынат.