Путин келерки аптада Тажикстанга барат

Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада Тажикстанга барат. Бул тууралуу «Лента.ру» жазып чыкты.

«Путин алгач Дүйшөмбү шаарына барат. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чоң сүйлөшүүлөр болот: баарлашуу жана жумушчу түштөнүү», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, орус лидери Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле Ашхабадга (Түркмөнстан) барууну пландап жатат, ал жерде Каспий саммитине катышат. Бул орус лидеринин Украинадагы согуш башталгандан берки биринчи сапары болмокчу.