«Время» берүүсүндөгү акция. Плакат көтөрүп чыга калган кызматкер «менин атам украин, апам орус» дейт

«Менин атам украин, апам орус. Алар эч качан душман болушкан эмес. Менин мончогум — бул Орусия туугандарын өлүмгө дуушар кылып жаткан согушту дароо токтотушу керек дегендин символу. Биздин эл азыр деле элдеше алат». Мындай видео кайрылууну Орусиянын Биринчи каналында «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырган кызматкер Марина Овсянникова акциянын алдында жаздырып койгон.

«Украинада азыр болуп жаткан окуя — бул кылмыш. Орусия — агрессор-өлкө. Бул агрессия үчүн жоопкерчилик бир адамдын абийиринде. Ал адам — Владимир Путин», — дейт Марина Овсянникова. Анын айтымында, кызматкер көп жыл бою Биринчи каналда иштеп, Кремлдин үгүттөөсү менен алектенип келген жана бул иши үчүн азыр уялат.