«Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырган кызматкерге сот өкүм чыгарды

Москванын Басманный соту Биринчи каналдагы “Время” берүүсүнүн мурдагы редактору Марина Овсянникованы “аскердик фейк” тараткандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, сыртынан сегиз жарым жылга эркинен ажыратты.

«Ал күнөөсүн мойнуна алган жок жана сөзүнөн баш тартпаганын билдирди» деп жазат Би-Би-Си.

Айыптоочу тарап Марина Овсянникованы тогуз жарым жылга эркинен ажыратууну суранган.

Өткөн жылдын 14-мартында Орусиянын Биринчи каналынын кызматкери, редактор Марина Овсянникова «Время» берүүсүнүн эфиринде согушту токтотууга чакырган. Ал студияга «No war. Остановите войну. Не верьте пропаганде. Здесь вам врут. Russians against war» деген жазуусу бар плакатты көтүрүп чыга калып, бир канча жолу «Остановите войну! Нет войне!» деп кыйкырууга үлгүргөн.