WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Бир нече жумадан кийин мындай колдонуучулар үчүн баарлашуу мүмкүнчүлүгү толугу менен жабылат. Алардын аккаунту өчүрүлбөйт, жаңы купуялык эрежелерин кабыл алганда, аларга кайтып келе алышат.
- WhatsApp колдонуу келишимин январь айында жаңырткан. Көпчүлүк колдонуучулар эми мессенжер алар жөнүндө топтолгон маалыматтарды анын башкы компаниясы Facebook менен бөлүшөт деп чечишти. Чындыгында, алардын басымдуу көпчүлүгү үчүн эч нерсе өзгөргөн жок, келишимдин жаңы пункттары бизнес эсептерге гана таасирин тийгизди.
-
WhatsApp саясатындагы өзгөрүүлөрдүн фонунда башка мессенжерлерге — Telegram жана Signal жүктөөлөр кескин көбөйдү.
-
WhatsApp дүйнөдөгү эң популярдуу мессенжер. Анын активдүү колдонуучуларынын саны 2 миллиард адамдан ашат.