WhatsApp 1-январдан тарта миңдеген смартфондордо иштебей калат

WhatsApp мессенжери 2022-жылдын 31-декабрынан кийин Apple, Samsung жана Huawei компанияларынын миңдеген смартфондорунда иштебей калат. Бул гаджет моделдерине тиркемени жаңылоодон баш тартууга байланыштуу экендиги маалымдалды.

Мессенжер мындан ары аппараттын 49 моделинде иштебейт. Тизмеге iPhone 5, iPhone 5C, Samsung Galaxy сериясындагы смартфондор, ошондой эле Huawei Ascend линиясы (D, D1, D2, G740, Mate жана P1) кирет. Кийинки жылдан тарта WhatsApp’ка кирүү мүмкүнчүлүгүн жогото турган смартфондордун моделдеринин арасында LG Optimus жана Sony Xperia гаджеттеринин бир нечеси, HTC Desire 500 жана Lenovo A820 да бар. Бул түзмөктөрдүн ээлери жаңы гаджет сатып алышы керек экенин белгилешти.