WhatsApp мессенжери iPhone’дун эски моделдеринде иштөөсүн токтотот. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мессенжердин IOS тиркемесинин акыркы версиясында iOS 9 жана андан төмөн иштеген шаймандарга колдоо болбой калган.
2021-жылдын 1-январынан тартып WhatsApp бир катар түзмөктөрдө иштөөнү токтоткон. Себеби алардын колдонуучулары иштетүү тутумун жогорудагы iOS 9 же Android 4.0.3 версияларына жаңыртышкан эмес.