WhatsApp жөнөтүлгөн катты оңдоо функциясын киргизди

WhatsApp жөнөтүлгөн каттарды түзөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу мессенджердин блогунда жазылды.

Каттын катасын оңдоо үчүн аны басып, кармап туруу керек. Пайда болгон менюдан «түзөтүү» дегенди тандоо керек болот. WhatsApp оңдоолорду кат жөнөткөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде гана оңдоого болорун белгиледи.

Сиздин маектештериңиз «өзгөртүлгөн» белгисин көрөт, бирок таржымалын көрө алышпайт. Компания жаңы функция бүткүл дүйнө жүзү боюнча ишке ашырыла баштаганын, жакынкы апталарда ал бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болоорун билдирди.