WhatsApp мессенжеринин иштөөсү үзгүлтүккө учурап жатат

WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары 25-октябрда анын иштебей калганын билдирип жатышат. 

Колдонуучулар билдирүүлөрдү жөнөтүүдөгү көйгөйлөргө даттанышууда. Мисалы, кат кеткендеги эки белги көрүнбөй жана кат алган киши билдирүүнү окуганда белги көк түскө айланбай жатат. Көйгөйлөр мобилдик тиркемеде да, веб версиясында да байкалат. Кызматка түздөн-түз кошулууда да көйгөйлөр болууда.