WhatsApp`та жаңы функция иштелип чыгууда

WhatsApp мессенжеринде жаңы функция иштелип чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындан ары Android колдонгондор үчүн өчүрүлгөн билдирүүлөрдү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Эми колдонуучулар билдирүүнү өчүргөндө экрандын ылдый жагына «өчүрүүнү токтотуу» деген функция чыгат. Маанилүү маалымат, билдирүүлөрдү адашып өчүрүп алганда өчүрүлгөн билдирүүнү калыбына келтирүү функциясы чоң эле жардамчы болчудай. Аталган функция качан толук ишке кирет, азырынча белгисиз.