WhatsApp’та көптөр күткөн функция ишке кирет

«WhatsApp колдонуучуларга буга чейин жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү түзөтүүгө мүмкүндүк берген жаңы функцияга ээ болот. Мессенжердин колдонуучулары жаңычылдыкты көптөн бери күтүп жатышкан» деп жазат WABetaInfo сайты.

Кабарды түзөтүү функциясы Android үчүн WhatsAppтын бета версиясында учурда жеткиликтүү. Сиз жөнөтүлгөн билдирүүнүн мазмунун ал жөнөтүлгөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде гана өзгөртө аласыз, бул убакыттан кийин мындай мүмкүнчүлүк жок болот. Эгерде билдирүүнүн тексти өзгөртүлгөн болсо, сиз жана сиздин маектешиңиз тиешелүү белгини — «түзөтүлгөн» деген жазуу көрүнөт.

Бул функция сынактан өткөн соң, бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот.