Татьяна Бакальчук Wildberries кеңсесинде атышуудан кийин күйөөсүнө кайрылган видео жарыялады.
«Биздин кеңсеге куралчан адамдар кирип, атышуу башталды. Жаштар каза болду. Владислав, бул эмне кылганың? Ата-энеңдин, балдарыбыздын бетин кантип карайсың?» — деди ал.
Кечээ, 18-сентябрда эртең менен Москванын Романов көчөсүндө жайгашкан Wildberries кеңсесинде атышуу болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, жети адам жабыркап, эки адам каза болгон.