Wildberries кеңсесиндеги атышуу. Негиздөөчүсү жолдошуна кайрылды

Татьяна Бакальчук Wildberries кеңсесинде атышуудан кийин күйөөсүнө кайрылган видео жарыялады. 

«Биздин кеңсеге куралчан адамдар кирип, атышуу башталды. Жаштар каза болду. Владислав, бул эмне кылганың? Ата-энеңдин, балдарыбыздын бетин кантип карайсың?» — деди ал. 

Кечээ, 18-сентябрда эртең менен Москванын Романов көчөсүндө жайгашкан Wildberries кеңсесинде атышуу болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, жети адам жабыркап, эки адам каза болгон.