Wildberries кеңсесиндеги атышуу. Владислав Бакальчук кармалды

Wildberries’тин негиздөөчүсү Татьяна Бакальчуктун күйөөсү Владислав Бакальчук кармалды. 

Маалыматка караганда, ага адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу боюнча айыптар тагылган. Ал 48 саатка камакка алынды. Тергөө бөгөт чарасын тандоону суранууда.

Кечээ, 18-сентябрда эртең менен Москванын Романов көчөсүндө жайгашкан Wildberries кеңсесинде атышуу болгон. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, жети адам жабыркап, эки адам каза болгон. Татьяна Бакальчук Wildberries кеңсесинде атышуудан кийин күйөөсүнө кайрылган видео жарыялаган.

«Биздин кеңсеге куралчан адамдар кирип, атышуу башталды. Жаштар каза болду. Владислав, бул эмне кылганың? Ата-энеңдин, балдарыбыздын бетин кантип карайсың?» — деген ал.