Якутияда суук -58 градуска жетти. Мындайды көрбөгөн туристтер агылууда

Якутияда декабрь айынын башына карата аномалдуу суук болуп, -58 градуска жетип жатат. Ал эми шамалдын жана нымдуулуктун айынан температура -63төй сезилүүдө.

Таң калыштуусу, айрым адамдар аймакка суукту сезүү үчүн атайын барышууда. 

Орусиянын Гидрометеорологиялык борборунун илимий жетекчиси белгилегендей, аномалдуу суук аба ырайы Якутияда гана эмес, Чукотка, Красноярск, Магадан жана Хабаровск аймактарында да күтүлөт.