Якутияда учак тоңгон дарыяга конду

Якутияда учак конуу тилкесинин ордуна тоңгон дарыяга конду. Бул тууралуу «КП Якутия» жазат.

Polar Airlines авиакомпаниясынын АН-24 учагы Якутск — Зырянка — Среднеколымск каттамы боюнча учуп жаткан. Бирок Зырянка аэропортуна келип, Колыма дарыясына конду. Учакта 30 жүргүнчү жана 4 экипаж мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган жок жана учак зыянга учураган эмес. 

Жүргүнчүлөр аэропорттун терминалына, балдары барлар мейманканага жайгаштырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, конуу учурунда учкучтар конуу тилкесин көрүшкөн эмес. Окуяны федералдык аба транспорту агенттиги иликтеп жатат.