Мьянмада бир сутка ичинде 38 адам полиция кызматынын огунан каза тапты

Мьянмада кечээ, 14-мартта аскердик бийликке каршы чыккан өлкөнүн ар кайсы аймактарында демонстранттарга карата полиция кызматы тарабынан ок атылып, бир күндө эле эң аз дегенде 38 адам каза тапты. Дагы 80 жаран жаракат алып, 100дөн ашыгы камакка алынды. Бул тууралуу эл аралык маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 14 демонстрант өлкөдөгү ири шаар Янгондогу нааразылык чарасын басуу учурунда мерт болгон, калгандары башка шаарларда окко учураган. Ошондой эле Мьянманын мамлекеттик телеканалы нааразычылык учурунда эки полиция кызматкери да каза болгонун кабарлады. З8 набыт болгондордун арасында жашы жете элек балдар бар экендиги да айтылууда. Ушуну менен жалпы буга чейин демонстранттарга чыгып каза болгондордун саны 126 га жеткен.

Быйыл 1-февралда Мяьнмада аскерлер бийликти кулатып, өкмөт башчы Аун Сан Су Чжи баштаган мамлекет жетекчилерди камакка алган. Анда аскердик жетекчилик мындай кадамга былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону таза өткөргөн жок» дегенди жүйө катары карманып, Мьянма аскерлери бийликти басып алган соң, өлкөдө бир жылга өзгөчө абал режимин жарыялаган. Ошол күндөн бери демократиянын жактоочулары нааразычылык акцияларына чыгып келишет.