Япониянын мурдагы премьер-министринин өлүмү. Шектүү кол салуусунун себебин айтты (видео)

Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэге кол салып, өлтүрүүгө шектелген 41 жаштагы Тэцуя Ямагами эмнеге мындай ишке барганын айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ямагами анын үй-бүлөсү Абэ сыяктуу адамдардын тобунан каржылык маселеге туш болгонун айткан. Абэге ишенип шектүүнүн апасы чоң курмандыкка барган, анысы ишке ашпай, ошонун айынан алар «сызга отуруп» калышкан. Бирок кайсы топтогу адамдар жөнүндө сөз болуп жатканы такталган эмес. Буга чейин коомго тараган «саясий көз карашы туура келбеген» деген маалыматты япондук «Асахи Симбун» аттуу гезити төгүндөгөн.

Кечээ, 8-июль күнү Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге эл алдына чыгып сүйлөп жаткан жеринен кол салуу болуп, жыйынтыгында ооруканада көз жумган.