Япондор дагы бир жолу өздөрүнүн тартиби менен таң калтырышты (видео)

Интернетке Япониянын метросунда тартылган видео тарады. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкө тургундарынын жүрүм-турум маданиятына дагы бир жолу суктанышты. Бул тууралуу Tengritravel.kz жазды.

X (мурдагы Твиттер) аккаунттарынын биринде жарыяланган видео дээрлик 25 миллион көрүүнү чогулткан. Кадрларда метродон чыгып бараткан элди көрүүгө болот. Анда жарандардын түртүшмөй, тартышмай, кыйкырык, өкүрүгү жок метродон кезек менен чыгып бара жатканын көрүүгө болот. 

Тилекке каршы, постто бул видео кайсы жерде жана качан тартылганы көрсөтүлгөн эмес. Бирок видео албетте көңүл бурдурду. Посттун астына эки миңден ашык комментарий жазылган.

Эске салсак, Япониядагы Ханэда аэропортуна конуп жаткан учакта өрт чыккан. Учактын биринде 379 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Кырсыктан экинчи учактагы 5 адам каза болгон. Бул аралыкта өрттөнгөн жүргүнчү учактын ичинде тартылган видеолор тараган. Көпчүлүктү учакта дүрбөлөңгө алдырбай, тартипти сактап отурган жүргүнчүлөр таң калтырган.