Япония коронавирустун жаңы штаммынан улам чет элдиктерге чек арасын жапты

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида 30-ноябрдан тарта чет элдик ишкерлердин, студенттердин жана адистердин кирүүсүнө мурда киргизилген жеңилдиктер жаңы омикрондук коронавирустун штаммынын жайылышына байланыштуу жокко чыгарыла турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Бул чара жаңы штамм тууралуу бардык маалыматты билүүгө мүмкүн болгон учурга чейин өзгөчө кырдаал катары киргизилет. 8-ноябрдан тарта Япония бизнесмендерге, студенттерге жана өлкөдө тастыкталган вакцина алган адистерге кирүүгө жеңилдетүү берген. Эгерде алар толук эмдөөдөн өтүп, эрежелерди сактай турган болсо, анда 10 же 14 күн эмес, үч күн карантинде болууга, андан кийин жумушка керектүү жерлерге барууга жана коомдук транспортту колдонууга уруксат берилген.

Бул чара туристтерге тиешелүү болгон эмес – аларга виза берүү узартылган эмес.