Япония өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Премьер-министр Ёсихидэ Суга жетектеген Япония өкмөтү толугу менен отставкага кеткенин Kyodo News жазып чыкты.

2020-жылдын сентябрында премьер-министр болгон Суга сентябрдын башында партиянын лидери кызматына өзүн көрсөтүүдөн баш тартканын жарыялаган, бул иш жүзүндө анын өкмөт башчылыгынан кетүүсүн билдирген. 2012-2017-жылдары Синдзо Абэ өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеген Фумио Кисида 29-сентябрда өткөн партиялык шайлоодо жеңип чыккан.

4-октябрда Япония парламентинин эки палатасы тең премьер-министрдин талапкерлигине добуш беришет, андан кийин ал министрлер кабинетин дайындайт. Өкмөт башчысы партиялар көрсөткөн талапкерлердин көпчүлүк добушу менен шайланат. Ошентип, парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон партиянын башчысы премьер-министр болуп калат. Эми мындай партия Либерал-демократиялык партия, башкача айтканда, Фумио Кисида Япониянын 100-премьери болот.

Мурдагы өкмөттөн жаңы министрлер кабинетине үч адам өтөт: тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги
менен коргоо министри Нобуо Киси кызматтарын сактап калышат, ал эми илим жана билим берүү министрлигин жетектеген Коити Хагиуда экономика, соода жана өнөр жай министри болот.