Япония Олимпиада оюндарынын алдында өзгөчө абал режимин узартуу ыктымалдыгын кароодо

Япония өкмөтү 7-майда коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн Токио шаарындагы жана үч префектурадагы өзгөчө абал режимин май айынын аягына чейин узартуу ыктымалдыгын карайт.

Япониянын баш калаасында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын башталарына үч айдан аз убакыт калды. Былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган оюндарга 11 миңден ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Буга чейин бийлик чет өлкөлүк күйөрмандарды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган. Япония коронавирус инфекциясынан дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыраак жабыркады.