Япония Олимпиадага келчү чет элдиктердин санын чектейт

Жай айларында өтүүчү Олимпиада оюндарына Япония чет жерден келген катышуучуларды коштоп келген адамдардын санын чектемей болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, спортчуларды коштоп келгендердин саны он бир адамдан ашпашы керек. Жана саясий лидер, министрди коштоп жүргөн адамдардын саны төрт кишиден көп болбошу зарыл.

Мындай чектөөлөр коронавирустун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн киргизилген. Ошондой эле учурда Япония бул тууралуу ар бир өлкөнүн элчиликтерин кабардар кылып жатат.