«Япония сулуусу» сынагында украиналык сулуу баш байгени жеңип, ызы-чуу жаратты

26 жаштагы украиналык модель Каролина Шиино «Япония сулуусу» сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Tokyo Weekender жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, Япониядан тышкары төрөлгөн сулуу биринчи жолу сынактын жеңүүчүсү болгон. Каролина 1998-жылы Тернополдо украиналык үй-бүлөдө төрөлгөн. Бирок кийин апасы япон жигитине турмушка чыгып, ал кезде 5 жашар кызы менен Нагояга көчүп кеткен.

Ал сынакты жеңген эң улуусу да болуп калды. Каролина 2022-жылы өлкөнүн жараны болгондон кийин сынакка катышууга арыз берген. Анын айтымында, ал муну адамдардын сырткы келбетине карап баа бербеген коом түзүү үчүн жасаган, анткени ал өзүн дайыма айланасындагылардан айырмаланып тургандай сезген. Таажыны алып жатып, болуп жаткан окуялардын баары түш сыяктуу экенин айтты.

Бирок интернетте көптөгөн жергиликтүү тургундар нааразылыгын билдиришүүдө. «Япония сулуусу болуп тандалган адамдын Японияга эч кандай тиешеси жок. Ал 100 пайыз украиналык. Ооба, ал абдан сулуу, бирок сынак «Япония сулуусу» деп аталат. Мен японду көрбөй жатам. Жок дегенде, ал жарым япон болсо, көйгөй болмок эмес», — деп жазышууда соцтармак колдонуучулары. 

Каролинанын жеңишин «япондордун сырткы көрүнүшүн басмырлоо» деп эсептегендер да болду. Комментарийлердин биринде «Менин оюмча, европалык келбеттүү кызды «Япония сулуусу» деп атоо болбойт» деп жазды.

Гран-при сынагынын башкы уюштуруучусу сулуу жеңишти татыктуу алганын билдирди.