Япониянын изилдөө тобу адамдарга жаңы тиштерди өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган дары ойлоп табышты. Бул тууралуу япониялык The Mainichi басылмасы жазып чыкты.
Клиникалык сыноолор 2024-жылдын июлунда башталат. Ал дары сыноодон өтсө, анда тубаса тиштери жок адамдардын тишин калыбына келтирүүгө мүмкүн болот. Команда 2030-жылы жалпы колдонууга даяр кылууну максат кылууда.
Буга чейин жаныбарларга жасалган эксперименттерде алардын тиштери чыккан. Азыр дары-дармекти адам колдонгондой кылып даярдоо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, дары тубаса факторлордон улам чоңдордун тиштеринин толук топтому жок болгон бейтаптарга арналган. Бул «адентия» деп аталат.