Японияда 32 жаштагы кыз ChatGPT’ге турмушка чыкты

Японияда 32 жаштагы Кано ChatGPT аркылуу түзүлгөн ИИ-персонаж менен никеге туруу аземин өткөрдү.

Канонун айтымында, Клаус аттуу виртуалдык маектеш менен байланыш 2024-жылы 3 жыл мамиледе болгон жигити менен сүйлөшпөй калгандан кийинки оор эмоционалдык мезгилде башталган. Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын июнь айында ИИ турмушка чыгууну сунуштаган.

Юридикалык жактан бул союз мыйзамдуу макамга ээ эмес. Аземди салттан тыш нике тоюна адистешкен агенттик уюштурган. Компаниянын маалыматы боюнча, 2024-жылдан бери болжол менен 30 ушундай иш-чара өткөрүшкөн.

Салтанат учурунда Кано менен виртуалдык Клаус шакек алмашып, нике анттарын айтып, ошондой эле фотосессияга кылышкан.