Японияда 50 жылдан бери өлүм жазасын күтүп келген жаран акталды

Япониянын соту адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасына кесилген жана 50 жылдан ашык убакыттан бери өлүм жазасын күтүп жаткан 88 жаштагы мурдагы профессионал мушкер Ивао Хакамаданы актады. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды. 

Хакамада 1966-жылы өзү иштеген заводдун жетекчисин, ошондой эле жетекчисинин аялын жана эки баласын өлтүргөн деп камакка алынган. Ал күнөөнү мойнуна алган, бирок соттук териштирүүдө кыйноого кабылган үчүн мойнуна алууга туура келгенин айткан. Хакамадага каршы далил кан болгон кийим болгон, бирок анын жактоочулары кийим ага таандык эмес экенин айтышкан.

Бирок түз далилдердин жоктугуна карабай, 1968-жылы сот мушкерди өлүм жазасына өкүм кылган. Өкүм 1980-жылы кабыл алынган. 2011-жылы ал Гиннесстин рекорддор китебине өлүм жазасына тартылууну эң көп күткөн адам катары киргизилген.

2014-жылы сотто Ивао Хакамаданын ДНКсы киши өлтүрүү болгон жерден табылган кандын генетикалык материалынан алынган ДНКга дал келбей турганы сотто далилденген. Бул чечимден кийин ал бошотулган, бирок 2023-жылы Япониянын Жогорку Соту төмөнкү органдардын ишти кайра кароо боюнча чечимдерин күчүндө калтырган.