Японияда апасынын сөөгүн 10 жылдан бери катып жүргөн аял кармалды

Япониянын полициясы аял кишинин жансыз денеси табылгандан кийин анын кызын камакка алды. Адамдын сөөгү батирдеги муздаткычтан табылган.

«ВВС» тараткан маалымат боюнча, 48 жаштагы Юми Ёсино апасынын жансыз денесин 10 жыл мурун муздаткычка салганын билдирген. Муну алар жашап жаткан үйдөн кетүүнү каалабаганы менен түшүндүргөн.

Полициянын маалыматына таянсак, маркумдун денесинде күч колдонулган белгилер болгон эмес. Азырынча анын өлүмүнүн себеби тактала элек.

Ёсино бул батирдин ижара акысын төлөй албагандыктан кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми денени үйдү тазалап жүргөн жумушчу тапкан.