Японияда аялына күнүнө 100 жолу чалып, сүйлөбөй тура берген жаран кармалды

Японияда аялына күнүнө 100 жолу чалып, телефондо унчукпай жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Sora News жазды. 

ЖМКлардын маалыматына караганда, аялдын телефонуна белгисиз номурдан чалуулар түшө баштаган. Ошол эле учурда чалган адам унчукпай тура берген. Мындай чалуулар күнүнө 100 жолуга жете баштаган. 

Аял полицияга жардам сурап кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө чалып жаткан жаран аялдын күйөөсү экени аныкталган. Ал камакка алынып, адамды аңдыган деген айып тагылган. Күйөөсү бул аракетин аялына болгон сүйүү деп түшүндүргөн.