Японияда дельфиндер кишиге кол салып, анын кабыргасын сындырышкан

Япониянын Хонсю аралындагы пляжда дельфиндер кишиге кол салып, анын кабыргасын сындырып салышкан. Бул тууралуу Tengritravel.kz жазды.

Жалпысынан эки киши дельфиндердин чабуулунан жапа чеккен. 

Дельфиндердин биринчи чабуулу жээктен беш метр алыстыкта ​​болгон, деңиз сүт эмүүчүсү 60 жаштагы кишиге кол салган, жабырлануучунун бир нече кабыргасы сынып, колдорунда  тиштин тактары ​​болгон.

Дельфиндерден жапа чеккен дагы бир 40 жаштагы эс алуучу болгон. Окуя Михама айылындагы пляжда болгон, адам тиштегенден көптөгөн жарааттарды алган.