Японияда диаметри 1 метр болгон белгисиз шар табылды

Японияда белгисиз объект табылганын MBC билдирди. 28-февралда Кагосима префектурасынын Токуносима шаарынын жээгинен дат баскан металл шар табылган.

Шар жардагы үңкүрдө болуп, жээкке чыгып калган. Анын диаметри болжол менен 1 метрди түзөт. 1-март күнү түштөн кийин полиция бул буюмду иликтей баштаган. Жергиликтүү аткаминер Кадзуо Окумура шарды буй деп божомолдоду. Ал кошумчалагандай, топтун ичи бош, бирок өтө оор болгондуктан аны жылдыруу дээрлик мүмкүн эмес.