Японияда ичинде торопойлор жүргөн кофеканалар популярдуу болуп жатат

Японияда ичинде торопойлор жүргөн кофе ичүүчү жайлар популярдуу болуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Жергиликтүү кофеканалар сүйкүмдүү торопойлор менен убакыт өткөрүүнү сунушташат. Токиодогу Mipig кафесинде чочконун баласы менен жарым саат ойногонуңуз үчүн алар сизден 15 доллар талап алышат. Барууну каалагандардын саны көп болгондуктан, ал жакка кирүү оңой эмес, алдын ала жазылуу талап кылынат.

Эгер чочконун баласы менен убакыт өткөргөндөн кийин сиз ансыз жашай албасыңызды түшүнсөңүз, анда 1350 долларга аны үйгө алып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мекемелердин ээлери бардык жаныбарлар өтө жакшы тарбияланган, дааратканага үйрөтүлгөн жана толук коомго көндүрүлгөн деп убада беришүүдө.