Японияда жакыр жана жалгыз бой улгайган аялдар карылыгын жалгыз жана оор өткөрбөө үчүн түрмөгө түшүшөт.
Камакта алар үзгүлтүксүз тамактанып, медициналык жардам ала алышат. Ден соолугуна кам көрүлөт. Кызматкерлердин айтымында, 65 жана андан жогорку жаштагы камактагылардын саны 2003-жылдан 2022-жылга чейин төрт эсеге өскөн. Аялдар колониясы карылар үйлөрүнө окшош.
«Биз алардын жалаяктарын алмаштырып, жуунтуп кам көрөбүз. Курсактарын тойгузуп, дарыларын беришибиз керек», — дейт түрмө сакчысы Ширанага.
«Соттолгондорду кылмышка түрткөн негизги себептер жакырчылык жана жалгыздык. Улут тездик менен карып бара жатат. Буга байланыштуу өлкөдө карыларга кам көрүү боюнча жумушчулардын жетишсиздиги көбөйүүдө. Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жалгыз бой карыларга колдоо көрсөтүү боюнча атайын программасын баштады. Ошондой эле жөлөк пулдарды жогорулатуу сунушу каралууда»,- деп айтылат маалыматта.