Японияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус аныкталган биринчи учур катталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайдын энеси төрөт учурунда коронавирус менен ооруп жүргөн. Эне көз жаргандан кийин дароо эле ПЦР-анализи аркылуу илдет ымыркайдан табылган. Ошондой эле учурда аталган наристенин ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жок. Себеби ымыркайдан илдеттин белгилери азыраак байкалгандыктан кооптонууга негиз жок экени айтылат.