Японияда жер көчкү жүрдү. 20 адам дайынсыз болууда (видео)

Токионун түштүк-батышындагы Сидзуока префектурасынын Амами шаарында күчтүү жер көчкү жүрүп, 20 адам дайынсыз болуп, 10 үй кыйрады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жер көчкү бүгүн, 3-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10дор чамасында жүргөн. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери башталды. Сидзуока префектурасынын администрациясы адамдарды издөөгө Япониянын коргоо күчтөрүнөн жардам сурады.

Кырсык болгон аймакта акыркы бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр уланып жатат. Метеорологдордун айтымында, Сидзуока префектурасында акыркы 48 саатта бери дегенде 300 миллиметр жаан-чачын жааган.