Японияда калыңдыгы 2 метрден ашкан кар жаады. Видео

Японияда калыңдыгы 2 метрден ашкан кар жаап, мындан улам 18 миңден ашуун адам жарыксыз жана жылытуусуз калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Кечээ, 19-декабрда кардын калыңдыгы Ямагатада 229 сантиметрге, Аомориде 193, Ниигатада 170, Хоккайдодо 154, Фукусимада 148 сантиметрге чейин жеткен.