Бүгүн, 8-августта Япония убактысы боюнча саат 16:43тө Кюсю аралынын чыгыш жээгиндеги Хюга-Нада деңизинде күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгонун Япониянын метеорологиялык агенттиги билдирди.
Жер титирөө Япониянын сейсмикалык шкаласы боюнча 6 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу 30 чакырым тереңдикте болгон. Цунами боюнча эскертүү күчүнө кирди.